Кафедра учетно-финансовых дисциплин

Капарова Гульзат Токтогуловна

Должность: Зав.кафедрой учетно-финансовых дисциплин

Образование: Высшее

Ученая степень:  доцент МНУ

Тел: +996 772-625-813

E-mail: kaparova.gulzat@gmail.com

О кафедре

Гуманитардык-экономикалык колледждин Эсеп-каржы сабактар кафедрасынын кесиптик билим берүү программаларын жана орто звенодогу адистерди даярдоо боюнча окуу пландарын натыйжалуу ишке ашыруу үчүн К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин Ректорунун 2006-жылы 15 ноябрындагы №18 буйругу менен түзүлгөн.

Эсеп-каржы сабактар кафедрасынын ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-апрелиндеги № 92 “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү бекиткен 2004-жылдын 3-февралындагы № 53 Кыргыз Республикасынын орто кесиптик билим берүүнү уюштуруу жөнүндөгү Жобосунун жана К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин Уставынын негизинде жүргүзүлөт.

Ал эми, К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин Окумуштуулар кенешинин кенейтилген отурумунун № 12 “2018-­2019 окуу жылына карата структуралык өзгөрүүлөр жөнүндө” токтомунун негизинде Эсеп -каржы сабактар циклы, Эсеп -каржы сабактар кафедрасы катары өзгөрүлдү.

2006-2007-окуу жылдары цикл жаңы түзүлгөн жылдары эң алгачкы башчысы болуп Д.Давлетова эжеке жетектеп келген. 2007-2008-окуу жылдары цикл башчысы болуп окутуучу Абдыкасымова Гулмира жетектеген. 2008-2009 окуу жылдары Ажиматова  Наргиза Мырзакабуловна жетектеген. 2009-2010 окуу жылдары циклдын башчысы болуп кайрадан окутуучу Абдыкасымова Гулмира дайындалган. 2010-2014-окуу жылдары циклдын башчысы окутуучу Мажитова Дамира Жолборсбековна жетектеп келген. 2015- 2016 окуу жылдары кафедранын башчысы болуп э.и.к., доцент Атаканов Болот Курманбаевич жетектеген. 2016-2017 окуу жылдары э.и.к., доцент Пулатова Гулнара Тулановна жетектеген. 2017-2018 окуу жылдары кафедранын башчысы болуп э.и.к., доцент Хамрабаев Абдурасул Абдусаттарович жетектеди.

  • 2018-2019 окуу жылынан баштап Эсеп-каржы кафедранын башчысы болуп доцент Капарова Гулзат Токтогуловна жетектейт.

 

Азыркы учурда кафедранын профессордук-окутуучулар курамы 14 штаттык, андан тышкары 3 ички айкалыштырып иштеген окутуучудан турат. Профессордук-окутуучулар курамынын ичинен 1,8 пайызын (1,8%) илимий даражалуу окутуучулар түзөт. Кафедранын окутуучулары педагогикалык чеберчилигин үзгүлтүксүз өркүндөтүү менен бирге республиканын ар кайсы шаарларынын жогорку окуу жайларында квалификациясын жогорулатуу курстарынан өтуп турушат.

Эсеп-каржы сабактары кафедрасы Университеттин миссиясына ылайык уюмдарда, ишканаларда, каржы-насыя мекмелеринде, салык жана каржы органдарында камсыздандыруу компанияларында иштөө үчүн республиканын бүтүндөй аймактарында орто билимдүү
адистерди даярдап келет. Эсеп-каржы сабактары кафедрасында 080106 ”Финансы(тармактар
боюнча)”, 080110 “Экономика жана бухгалтердик эсеп (тармактар
боюнча)”, 080107 “Салык жана салык салуу”, 080501 “Менеджмент”
программалар боюнча адистерди даярдайт. Эсеп -каржы сабактар кафедрасынын окутуучулар жамааты жаш муундарды тарбиялоодо өзүнүн окуу-тарбиялык иш чараларын
жогорку чыгыармачылык деңгээлде уюштуруп келет. Окуу процесстери окуу планынын негизинде үзгүлтүксүз жүргүзүлөт. Окуу- практикалык билимин бекемдөөдө окутуучулар белгилүү илимпоздор менен ачык сабактар, Жалал-Абад областынын алдынкы ишкерлери менен конок лекцияларды, дискуссияларды, ошондой эле өндүрүштүк ишканаларына жана мекемелерге экскурсияларды уюштурушат. Окуудан тышкары Эсеп -каржы сабактар кафедрасынын окутуучулары илим, спорт, коомдук иштерге активдуу катышуу максатында иш чараларды уюштуруп келет.

Цель работы кафедры УФД
Образовательная деятельность

Преподаватели кафедры

Акбулаева Тохтапаша
Топчубаева Гулшайыр
Абсаматова Гульбубу
Хасанова Барно
Маматова Асел
Мамасыдыкова Элеонора
Кочконбаева Каныкей
Маташимов Абдыманап
Режапова Меерим
Мамыркулова Джамиля
Нурбекова Айдай
Ташболотова Венера