В МНУ отметили студентов, активно участвующих в научно-исследовательской деятельности
30 ноября этого года в ректорате Международного университета имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ, г. Жалал-Абад) состоялось чествование студентов, удостоенных призовых дипломов юбилейной региональной студенческой научной конференции на тему «Студент и научно-технический прогресс», проведенной в ОшГУ. В названной конференции приняли участие 8 вузов по 22 секциям. От МНУ призовых мест были удостоены 13 студентов. Ректорат МНУ вместе с поздравлениями вручил студентам денежные призы. Стоит отметить, что в МНУ уделяется особое внимание научно-исследовательской работе студентов. Вышеназванный успех является одним из подтверждений этого внимания.
Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ
__________________
ЭАУ илимий-изилдөө иштерине активдүү катышкан студенттерин белгиледи
Үстүбүздөгү жылдын 30-ноябрында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин ректоратында (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) ОшМУда өткөрүлгөн «Студент жана илимий-техникалык прогресс» темасындагы X маарекелик аймактык студенттик илимий конференцияда байгелүү дипломдорго ээ болгон студенттерди сыйлоо аземи болуп өттү. Аталган конференцияга республиканын түштүк аймагындагы 8 жогорку окуу жай 22 тематикалык секция боюнча катышты. ЭАУдан 13 студент байгелүү орундарга ээ болушту. ЭАУнун ректораты куттуктоолор менен бирге студенттерге акчалай сыйлыктарды тапшырды. ЭАУда студенттердин илимий-изилдөө иштерине өзгөчө көңүл бурулат. Жогорудагы ийгилик анын натыйжаларынын бири.
ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы