ЭАУнун СТУДЕНТИ АЙБАТ КАЛИЛОВДУН СПОРТТУК ИЙГИЛИКТЕРИ ЖӨНҮНДӨ
К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Манас шаары) “Экономика” багыты, “Бухгалтердик эсеп, талдоо жана көзөмөл” профили боюнча күндүзгү окуудагы 2-курстун студенти Айбат Калиловду спорттук ийгиликтери менен куттуктайбыз! Айбат Калилов үстүбүздөгү жылдын 4-7-ноябрь күндөрү Кыргыз спортунун 100 жылдыгына карата чоңдор арасында өткөрүлгөн Ош шаарынын бокс боюнча чемпионатында 55 кг салмагында III орунду, ал эми 11-15-ноябрь күндөрү Андижан шаарындагы Өзбекстан Республикасынын эмгек сиңирген бокс боюнча машыктыруучусу В.А. Золотарёвдун урматына өткөрүлгөн эл аралык мелдеште 55 кг салмагында II орунду ээледи. Айбат Калилов кыска аралыкта эки абройлуу мелдешке катышып, коло жана күмүш медалдарга ээ болду! Айбат Калиловго мында ары да байгелүү орундарга жетишип, мындан жогору ийгиликтерге жетишүүсүн каалайбыз!
ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы





