ЭАУнун ПРОФЕССОР-ОКУТУУЧУЛАР КУРАМЫНЫН ҮРГӨНЧ МАМЛЕКЕТТИК ПЕДАГОГИКАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНИН ИЛИМИЙ ИШ-ЧАРАЛАРЫНА КАТЫШУУСУ ТУУРАЛУУ

ЭАУнун ПРОФЕССОР-ОКУТУУЧУЛАР КУРАМЫНЫН ҮРГӨНЧ МАМЛЕКЕТТИК ПЕДАГОГИКАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНИН ИЛИМИЙ ИШ-ЧАРАЛАРЫНА КАТЫШУУСУ ТУУРАЛУУ

Үстүбүздөгү жылдын 24-25-март күндөрү К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин профессор-окутуучулар курамынын өкүлдөрү, т.а. саяс.и.к., доц. А.С. Калиев, т.и.к., проф. Ж.А. Дүйшеев, т.и.к., доцент Н.С. Мырзабаева ж.б., Үргөнч мамлекеттик педагогикалык институтунда өткөрүлгөн «Түрк мамлекеттеринин маданий кызматташуусу жаңылануулар доорунда: санариптик аянттар жана илимий маалыматтардын алмашуулары» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга активдүү катышып келишти. Муну менен бирге, Үргөнч мамлекеттик педагогикалык университетинин философия кафедрасынын профессор-окутуучулар курамы менен академиялык мобилдүүлүк, илимий кызматташтык маселелери боюнча пикир алмашуулар болду. ЭАУ учурда Өзбекстан Республикасынын жогорку окуу жайлары менен тыгыз кызматташып, илим-билим жаатында эки мамлекеттин достугун жигердүү бекемдөөдө.

ЭАУнун илим, аспирантура & докторантура бөлүмү

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *