ЭАУдагы “КЫЯЛЫМДАГЫ КЫРГЫЗСТАН: ЖАЛАЛ-АБАД — 2026” РЕСПУБЛИКАЛЫК ЖАШТАР ФОРУМУ АЛКАГЫНДА ОРТО МЕКТЕПТЕРДИН ОКУУЧУЛАРЫ ҮЧҮН КЕСИПТИК БАГЫТ БЕРҮҮ ИШ-ЧАРАСЫ ЖӨНҮНДӨ
К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте (ЭАУ, Манас шаары) “Кыялымдагы Кыргызстан: Жалал-Абад — 2026” республикалык жаштар форуму алкагында орто мектептердин окуучулары үчүн кесиптик багыт берүү иш-чарасы өткөрүлдү. Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жаштар кыймылынын жетекчилери, бир катар жаштар лидерлери жана областтык, шаардык жетекчиликтин өкүлдөрү катышышты. Иш-чарада кесиптик багыт берүү боюнча маалыматтарды жайылтуу, үгүт-насаат иштери менен бирге ЭАУнун фойесинде тематикалык көргөзмө уюштурулуп, Маданий-эстетикалык борбор тарабынан жыйындар залында концерт коюлду. Концерт ЭАУнун Маданий-эстетикалык борбору тарабынан уюштурулду. Мектеп окуучуларынын жана меймандардын айтуусунда иш-чара абдан мазмундуу жана кызыктуу болду. ЭАУнун ректору, э.и.д., профессор Айжамал Кантөрөева иш-чаранын катышуучуларына кайрылуусунда университет 24-апрель күнү Ачык эшиктер күнүн өткөрө турганын кошумчалап, областыбыздын район-шаарларынын мектептеринин бүтүрүүчү класстарынын (9-11-класстарынын) окуучуларын окуу жайга мейман болуп кетүүсүн өтүндү. ЭАУнун тарбия иштери боюнча проректору, фил.и.к., профессор Анвар Жолдошбаев айтуусунда ушундай кесиптик багыт берүү иш-аракеттери жаштарыбызга өзүнө ылайыктуу, керектүү, туура кесип тандоого, кесиптик ишмердигинин жаркын келечегине алгачкы ийгиликтүү кадамдарды жасоого чоң жардам беришет. К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетке жана анын колледждерине кош келиңиздер! Окуу жайда экономика, юриспруденция, филология, компьютердик технологиялар, менеджмент, медицина багыттарында жогорку жана орто кесиптик билим алса болот. Окуу жайдын урааны: Сапаттуу билим – келечекке айкын жол!
ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар борбору















