1993-жылы ректордун буйругу менен “Жогорку математика жана информатика” кафедрасы түзүлгөн. Кафедра башчысы болуп п.и.к., профессор Бөрүбаев Таштан Бөрүбаевич дайындалган. Алгачкы окутуучулар болуп Омошев Т.Т., Арстанова Ж., Эргешов Ү., ж.б. эмгектенишкен. Андан соң 1995-жылдын 5-декабрындагы ректордун №416-буйругунун негизинде “Информатика жана эсептөө техникасы” кафедрасы “Жогорку математика жана информатика” кафедрасынан бөлүнүп чыккан.
Кафедра бөлүнгөн күндөн баштап п.и.к., профессор Омошев Т.Т. жетектеген. Ал мезгилде кафедрада 7 окутуучу, 2 лаборант жана 1 инженер эмгектенген. Ошол мезгилде кафедра башчысынын жетекчилиги астында Абдраимов К. тарабынан “Мекеменин айлык маянасын эсептөөчү программасын” түзгөн. Ал программа мекемеде 10 жылдан ашык иштеп турган.
Кафедра “Экономикадагы маалыматтык системалар” адистигин даярдап 100 жакын бүтүрүүчү чыгарган.
Университеттин ректорунун 2010-жылдын 6-мартындагы буйругу менен кафедра «Колдонмо математика жана информатика» кафедрасы болуп өзгөргөн. Кафедра башчысы болуп кайрадан п.и.к., профессор Бөрүбаев Т.Б. дайындалган ал эми 2011-жылдын 1-сентябрынан кафедра башчысы болуп т.и.к., доцент Асилова З.А. жетектеген. Ошол мезгилде кафедрада 12 кызматкер, анын ичинде профессор Омошев Т.Т., ага окутуучу Мадимаров Т.Ж., окутуучулар: Кенжебаев Ы.Х., Сулайманова Д.К., Сатыбалдиев Р.Н., лаб.башчысы Табалдиева Ш.С., операторлор: Камил к А, Джолдошева Б., Паязова А., Исмайилова К. эмгектенишкен.
Кафедра колдонмо математика жана информатика багыты боюнча адистерди даярдап бүтүрүүчүлөр «Колдонмо математика жана информатика» адистиги боюнча бакалавр академиялык даражасына ээ болушкан.
2013-жылдын 1 сенябрында кафедра “Философия жана гуманитардык илимдер” кафедрасына кошулуп, кафедра башчысы тар.и.к., профессор Дүйшеев Ж.М. башкарып келген.
2018-жылдын 28-августунан баштап кафедра “Математика жана маалыматтык технологиялар” деген аталышта “Философия жана гуманитардык илимдер” кафедрасынан бөлүнүп чыккан. Кафедра башчысы болуп кайрадан т.и.к., доцент З.А.Асилова дайындалган. Кафедрада профессорлор Бөрүбаев Т.Б., Омошев Т.Т., доцент Исраилов И. Н., ага окутуучулар Арстанова Ж., Сатыбалдиев Р.Н., Сайдакматова Ч., Жусупбекова А., Отонбаева Ф., Максымбекова Б., Кенжебаев Ы.Х., лаборанттар Тлеубаева М., Рысбай кызы К., Таалайбек кызы Г. эмгектенишет.
Кафедра кесиптик билим берүү багытындагы “Маалыматтарды иштетүүнүн автоматташтырылган системалары жана башкаруу” адистигин даярдайт. Бул адистикте учурда 150 дөн ашык студент окуйт.
Учурда кафедрага караштуу 6 компьютердик класс бар, алар заманбап техникалык каражаттар менен жабдылып, ар бир класска веб-камералар коюлган .
Кафедра жетиштүү деңгээлде адабияттар менен камсыздалып, окутуучулар курамы ар дайым илимий деңгээлин жогорулатуу максатында иш жүргүзүшөт.
Кафедранын ишмердүүлүгү К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин уставынын негизинде жүргүзүлөт.
Кафедрада төмөнкү үч илимий багыт боюнча иш жургүзүлөт:
-математиканы окутуунун усулу
- информатиканы окутуунун усулу
- геомеханикада маалыматтык технологияларды колдонуу
Кафедранын окутуучулары региондук жана эл аралык деңгээлде өтүүчү илимий-практикалык конференцияларга, ошондой эле окутуунун инновациялык методдору жөнүндөгү семинарларга активдүү катышышат.
Кафедранын окутуучулары студенттердин илимий докладдарын даярдоого жетекчилик кылып, ЖОЖдо жана ЖОЖдор аралык өтүүчү студенттердин илимий-практикалык конференцияларына активдүү катышып келүүдө.
Кафедрада студенттер жана башка каалоочулар үчүн атайын компьютердик курстар окутулат.
Кафедра видеоконференцияларга жана интернет-олимпиадаларга катышууга мүмкүнчүлүгү бар.
2020-жылдын 1-сентябрынан тартып “Математика жана маалыматтык технологиялар” кафедрасы “Математика, информатика жана педагогика” кафедрасы болуп өзгөрүлүп, кафедра “Интернет технологиялар жана башкаруу”, “педагогика” адистигиндеги студенттерди даярдаган.
Кафедра башчысы болуп Асилова Зулфия Атамырзаевна жетектеген. Кафедрада профессорлор Бөрүбаев Т.Б., Омошев Т.Т., жана окутуучулар Г.Номадинова, Г.Эшмуратова, К.Мамадалиева, И.Атыбаева, Ж.Абдубекова, М.Танырыкова, А.Паязова, Г.Мамбеталиева эмгектенишкен .
2022-жылдын 1-сентябрынан “Математика, информатика жана педагогика” кафедрасы “Математика маалыматтык технологиялар жана техника-технологиялык сабактар” кафедрасына өзгөрүлүп, кафедра “Маалыматтарды иштетүүнүн автоматташтырылган системалары жана башкаруу” жана “интернет технологиялар жана башкаруу” адистигин даярдап окутушкан. Кафедра башчысы болуп Бөрүбаев Таштан иштеген.Кафедрада профессорлор Бөрүбаев Т.Б., Омошев Т.Т., доценттер Орозов Р.Н, Канетова Д.Э.,жана окутуучулар Г.Номадинова, К.Мамадалиева, И.Атыбаева, Б.Мухтаров эмгектенишкен.
2023-жылдын 1-сентябрынан “Математика маалыматтык технологиялар жана техника-технологиялык сабактар” кафедрасы “Маалыматтык технологиялар жана математика” кафедрасына өзгөрүлүп кафедра “интернет технологиялар жана башкаруу” адистигин окутуп, анда кафедра башчысы болуп Абдубекова Жумагул Анашбековна жетектеп, кафедрабыз көптөгөн It тармагындагы студенттерди даярдап жаш муундарды тарбиялоодо өз салымын кошуп келүүдө .