Дене тарбия жана спорт кафедрасынын тарыхы
“Дене тарбия жана спорт кафедрасы” Жалал Абад Коммерциялык Институтунун ректору К.Ш.Токтомаматовдун №5 буйругунун негизинде 1995-жылы 10-апрелинде студенттерге сергек жашоо образын түшүнүүгө жана илимий түшүнүктөргө ээ болууга, дене тарбиясы аркылуу өзүн-өзү тарбиялоону, денени өркүндөтүү көндүмдөрүнө жана жөндөмдөргө ээ болууга жардам берүү максатында уюштурулган. Уюшулган күндөн тартып кафедраны КРнын Эл агартуунун отличниги, Дене тарбия жана спорттун отличниги, профессор М.А.Таштанов жетектеп келген. Азыркы учурда ЭАУнун ректорунун буйругунун негизинде 01.10.2021-жылдан баштап кафедраны КРнын Дене тарбия жана спорттун отличниги, доцент Амиракулов Урматбек Беделбаевич жетектеп келүүдө. Кафедрада жогорку билимдүү,иш тажрыйбасы бар 17 окутуучу жана 1 лаборант иштейт. Кафедрада сабактардын эки негизги формасы бар: окуу жана секциялык.
К.Ш.Токтомаматовдун атындагы Эл аралык университети уюшулгандан тартып жана ага чейин да спорттук жетишкендиктери жогорку денгээлде деп айтсак болот. Шаардык, республикалык масштабтан баштап эл аралык деңгээлге чейинки өткөрүлгөн ар түрдүү спорттук мелдештерде, универсиадаларда чоң ийгиликтерге жетишип келе жатышат. ЭАУ өзүнүн спортчу-студенттеринин жана профессордук-окутуучуларынын ар түрдүү спорттук мелдештерде байгелүү орундарга, ийгиликтерге жетишкендиктери менен сыймыктанат.
ЭАУда спорттун түрлөрү боюнча колледждеринин, институттарынын студенттери жана профессордук-окутуучу,кызматкерлери арасында да Спартакиадалар өткөрүлүп турат. Спартакиданын негизинде спорттун түрлөрү боюнча университеттин курама командалары жыл сайын жаңы спортсмендер менен толукталып турат. Спорттун волейбол, футбол, стол тенниси, тогуз коргоол,шахмат, жеңил атлетика,баскетбол жана башка түрлөрү боюнча мелдештерде ийгиликтерге жетишип келе жатышат. ЭАУ Спартакиадаларында ийгиликтерге жетишкен командалар кызыктыруучу сыйлыктар жана дипломдор менен сыйланышат. Жыл сайын өткөрүлүүчү КРнын Универсиадаларында спорттун түрлөрү боюнча да байгелүү,жогорку жана жакшы ийгиликтерге жетишип келе жатышат. Жыл сайын Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шааарында өткөрүлүүчү Республикалык масштабтагы ЖОЖдордун профессордук-окутуучулары жана кызматкерлери арасындагы Спартакиадаларга активдүү катышып келүүдө.
Кафедра окутуучуларынын көзөмөлүндө волейбол, футбол, баскетбол, стол тенниси, тогуз коргоол, жеңил атлетика жана шахмат спорттук оюндары боюнча балдар жана кыздар үчүн секциялык кружокторунда машыгуулар өткөрүлөт.