КАФЕДРАНЫН ТАРЫХЫ
Тил илими кафедрасы 1993-жылы сентябрь айында уюшулган. Кафедраны белгилүү лексиколог – фразеолог окумуштуу филология илимдеринин кандидаты Р.Эгембердиев жетектеген. Кафедрада адистик эмес тайпаларда кыргыз, орус, англис тилдери боюнча предметтер окутулуп келген. Окутуучулар: Н.Зулпукарова, Ч.Машанова, О.Рогозина, Ү.Исакбаева, К.Үкүбаева, А.Мамиев, С.Алибаева, Э.Абазова, Б.Дарбанов, А.Шаболотов, Д.Токтогулов, Г.Абдраевалар эмгектенишкен. Кафедраны кийин окутуучулар Н.Ормонов, К.Жунусовдор жетектеп келишкен. Кафедрада А.Жолдошбаев, Г.Суеркулова, Э.Аликеевалар кызматтарын айкалыштыруу менен эмгектенишкен.
ЭАУнун окумуштуулар кеңешинин 2016-жылдын 28-июнунда №32 токтомдун чечиминин негизинде, ЭАУнун ректорунун 2016-жылдын 15-августундагы №98-буйругунун негизинде мамлекеттик, расмий жана чет тилдер кафедрасы уюшулган.
Кафедра окуу-усулдук, илимий бөлүмдөргө бөлүнгөн. Окуу-усулдук, илимий-изилдөө иштерин алгылыктуу жүргүзүп келет. Ошону менен бирге окуудан сырткары студенттердин арасында жогорку билимдүү адистерди даярдоо, квалификациясын жогорулатуу, мындан сырткары илимий-педагогикалык жогорку квалификациядагы кадрларды, адистерди даярдоо иштери бар.
Кафедра профессордук-окутуучулар курамдан жана окуу-көмөкчү кызматкерлерден куралган. Алар илимий-теориялык, усулдук жана кафедрага бекитилген сабактарды уюштурууда, илимий-изилдөөдө, окуу-усулдук иштерин жүргүзүүдө көмөктөшөт.
ЭАУнун ректорунун 2020-жылдын 6–июлундагы № 89 буйругунун негизинде Мамлекеттик жана расмий тилдер кафедрасы түзүлгөн. Кафедра башчысы болуп ф.и.к., доцент Д.И.Алтаева дайындалган. Азыркы күндө кафедрада 5 илимдин кандидаты, 1 ЭАУнун доценти, 3 ага окутуучу, 4 окутуучу эмгектенет. Кафедра кыргыз тили жана адабияты, манастаануу, орус тили предметтерин окутууга негизделген. Кафедранын окутуучулары кыргыз, орус тилдерин тереңдетип окутуунун ар түрдүү усулдарын колдонуу менен окутушуп, студенттерди тил үйрөнүүгө, сабаттуу жазууга, жогоруда аталган тилдерде эркин сүйлөөгө жана пикир алышууга өбөлгө түзүүгө зор маани беришет.
Мындан тышкары кафедра мүчөлөрү илимий-усулдук иштер менен алектенишип, ар дайым кафедрада, окуу жайда өз иштерин жарыялап турушат. Азыркы учурда кафедранын 3 окутуучусу илимий-изилдөө багытында диссертациялык иштин үстүндө иш алып барат.
The Department of Languages was founded in September 1993. The department was headed by a well-known lexicologist-phraseologist, candidate of philological sciences R. Egemberdiev. N. Zulpukarova, Ch. Mashanova, O. Rogozina, U. Isakbaeva, K. Ukubaeva, A. Mamiev, S. Alibayeva, E. Abazova, B. Darbanov, A. Shabolotov, D. Toktogulov, G. Abdraeva, Arstanbek kyzy J., etc. worked hard. Teachers of the department N. Ormonov, K. Zhunusov and others. headed by. A. Zholdoshbaev, G. Suerkulova, E. Alikeeva worked part-time at the department.
The department of state, official and foreign languages was created on the basis of the decision of the Academic Council of the MNU dated June 28, 2016 No. 32, the order of the rector of the MNU dated August 15, 2016 No. 98.
The department is divided into educational and scientific. Educational and methodological, research work, extracurricular activities, training and retraining of highly qualified specialists, as well as training of highly qualified scientific and pedagogical personnel are carried out.
The department consists of the teaching staff and teaching support staff. They help in organizing scientific, theoretical, methodological and disciplinary classes assigned to the department, as well as in conducting research and teaching activities.
The Department of State and Official Languages was created by order No. 89 of the Rector of the MNU dated July 6, 2020 No. 89.
The department is based on teaching the Kyrgyz language and literature, manas studies, and the Russian language. The teachers of the department use various methods of in-depth study of the Kyrgyz and Russian languages, attaching great importance to the development of language learning, literacy, and free communication in the above languages.
In addition, the staff of the department are engaged in scientific and methodological work, regularly publish their works at the department and at the university.
Тил илими кафедрасынын тарыхы.