В МНУ провели научно-практическую конференцию на тему «Правовые противодействия коррупции»

 

12 декабря этого года в Международном университете имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ, г. Жалал-Абад) была проведена научно-практическая конференция на тему «Правовые противодействия коррупции» совместно с Жалал-Абадской областной прокуратурой. В работе конференции приняли участие профессорско-преподавательский состав юридических кафедр и студенты по направлению «Юриспруденция», сотрудники Жалал-Абадской областной прокуратуры. В ходе конференции были рассмотрены актуальные вопросы борьбы с коррупцией. Стоит особо отметить отдельные научные доклады, а именно прокурора Жалал-Абадской области Т.К. Ишеналиева, к.ю.н., профессора МНУ К.А. Сулайманова, сотрудника Жалал-Абадской областной прокуратуры У.Р. Сыргаева, к.ю.н., доцента К.К. Юлдашева, а также студентов МНУ М. Абдымалик кызы, К. Акылбекова и М. Маматова. В ходе конференции также были показаны тематические видео-фото материалы прокуратуры, тематические виде ролики студентов МНУ. Особо отметили видео ролики Э. Сариева. В целом названная конференция была очень интересной и содержательной в тематическом плане. Стоит отметить, что МНУ активно сотрудничает с органами прокуратуры в вопросах обучения и подготовки высококвалифицированных специалистов по направлению «Юриспруденция», в вопросах борьбы с коррупцией, а также в проведении различных правовых мероприятий.

 

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ

____________

 

ЭАУда  «Коррупцияга каршы укуктук аракеттер» аттуу илимий-практикалык конференция өткөрүлдү

 

Үстүбүздөгү жылдын 12-декабрында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) Жалал-Абад областтык прокуратурасы менен биргеликте «Коррупцияга каршы укуктук аракеттер» аттуу илимий-практикалык конференция өткөрүлдү. Конференцияга юридикалык кафедралардын профессор-окутуучулар курамы жана «Юриспруденция» багыты боюнча студенттер, Жалал-Абад областтык прокуратурасынын кызматкерлери катышты. Конференциянын жүрүшүндө коррупция менен күрөшүүнүн актуалдуу маселелери каралды. Айрым илимий баяндамалардын авторлорун белгилеп кетсек, алар Жалал-Абад областынын прокурору Т.К. Ишеналиев, ю.и.к., ЭАУ профессору К. А. Сулайманов, Жалал-Абад областтык прокуратурасынын кызматкери У. Р. Сыргаев, ю.и.к., доцент К. К. Юлдашев, ошондой эле ЭАУнун студенттери М. Абдымалик кызы, К. Акылбеков жана М. Маматов. Конференциянын жүрүшүндө прокуратуранын тематикалык видео-фото материалдары, ЭАУнун студенттеринин тематикалык видео роликтери көрсөтүлдү. Э. Сариевдин видео роликтери өзгөчө белгиленди. Жалпысынан аталган конференция тематикалык жактан абдан кызыктуу жана мазмундуу болду. Белгилей кетсек, ЭАУ прокуратура органдары менен «Юриспруденция» багыты боюнча жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо, коррупция менен күрөшүү маселелеринде, ошондой эле ар кандай укуктук иш-чараларды өткөрүүдө активдүү кызматташып келет.

 

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы

От redak2

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *