ЭАУда ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН 95 ЖЫЛДЫГЫНА КАРАТА ЭЛ АРАЛЫК СТУДЕНТТИК ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТКӨРҮЛДҮ

 

Үстүбүздөгү жылдын 11-декабрында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата, ошондой эле “Кыргыз тили жана Чыңгыз Айтматовдун ааламы” аттуу мамлекеттик тилдин үч айлыгынын алкагында “Чыңгыз Айтатовдун ааламы учурдун көзү менен” аталышында студенттердин эл аралык илимий-практикалык конференциясы өткөрүлдү. Конференияга К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин, Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин, Ош Мамлекеттик университетинин жана Өзбекстан Республикасынан Кокон Мамлекеттик педагогикалык институтунун профессор-окутуучулар курамы жана студенттери катышты. Конференциянын иши филологиялык жана педагогикалык багыттагы 6 секцияда жүргүзүлүп, Ч. Айтматовдун чыгармачылыгына дагы бир ирет жогорку баа берилип, чыгармаларынынын көркөмдүгү, философиялык мазмундугу бир катар багыттарда ачыкталды. Мындан сырткары, конференциянын катышуучуларынын назарына Ч. Айтматовдун чыгармалары боюнча сахналаштырууларды, көркөм окууларды, ыр-бийлерди камтыган маданий программа да тартууланып, алар көркөм тасмалар менен коштолду. Жалпысынан конференция өтө кызыктуу жана мазмундуу болуп, Кыргызстандын жана Өзбекстандын жогорку окуу жайларынын илим-билим жаатындагы кызматташтыгын  арттырды. Конференция ЭАУнун Үзгүлтүксүз ачык билим берүү институтунун мамлекеттик жана расмий тилдер, философия жана табигый илимдер кафедралары, Эл аралык Кыргыз-Түрк институтунун эл аралык мамилелер жана жалпы теориялык сабактар кафедрасы тарабынан уюштурулду. Буга чейин окуу жайда Ч. Айтматовдун 95 жылдыгына карата атайын лекциялар, дил баяндарды жазуулар, Борбордук китепканада анын чыгармалары боюнча көргөзмө уюштуруган.

 

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы

От redak2

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *