ЭАУдагы “Адабият кербени” иш-чарасы жөнүндө

 

Үстүбүздөгү жылдын 8-декабрында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин Борбордук китепканасынын окуу залында Улуттук Жазуучулар биримдигинин Жалал-Абад областтык бөлүмүнүн “Адабият кербени” иш-чарасынын алкагында жазуучулар жана акындар тобу менен жолугушуу өткөрүлдү. Чыгармачыл инсандардын ичинде Улуттук Жазуучулар биримдигинин Жалал-Абад областтык бөлүмүнүн жетекчиси, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Нуркан Койчуманова, элдик акын, И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинин ардактуу профессору Тынчтыкбек Нурманбетов, Улуттук Жазуучулар биримдигинин мүчөсү, акын Махабат Молдалиева, Жазуучулар биримдигинин мүчөсү, республикалык коомдук-педагогикалык «Кут Билим» гезитинин башкы редактору, акын Майрамбек Токторов, Улуттук Жазуучулар биримдигинин мүчөсү, акын Самидин Стамбеков. Белгилеп кетсек, аталган жазуучулар жана акындар жигердүү чыгармачылык ишмердиги үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамотасы менен сыйланып, бир катар ардактуу наамдарга ээ болуп, эмгектерин көп сандаган окурмандар баалайт. ЭАУнун жетекчилиги, окутуучулары жана студенттери чыгармачыл инсандар менен жеке баарлашууга, алардын оозунан бир катар белгилүү адабий чыгармалардын үзүндүлөрүн угууга, алардын чыгармачылык ишмердиги боюнча суроолорду берүүгө жакшы мүмкүнчүлүк алышты. Жолугушуу абдан мазмундуу жана кызыктуу өттү. Соңунда акын-жазуучулар ЭАУнун китепканасына өз китептерин белекке тартуулашты. ЭАУнун ректораты жолугушууну уюштургандыгы үчүн Улуттук Жазуучулар биримдигинин Жалал-Абад областтык бөлүмүнө жана жолугушууга келген акын-жазуучуларга өзгөчө ыраазычылык билдирди. Өз кезегинде алар да ЭАУнун ректору э.и.д., профессор Айжамал Кантөрөевага, илимий иштер боюнча проректор п.и.к., профессор Төлөгөн Омошевге жана тарбия иштери боюнча проректор фил.и.к., профессор Анвар Жолдошбаевге алкыштарын айтышты.

 

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы

От redak2

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *