ЭАУнун КҮЗГҮ СТУДЕНТТИК СПАРТАКИАДАСЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

 

Үстүбүздөгү жылдын 16-октябрында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) күзгү студенттик спартакиада аягына чыкты. Бул күндөрү ЭАУда шаңдуу спорт майрамы болуп, командалар арасында кызуу атаандашуулар өкүм сүрүп, чыныгы командалык достук чыңалды. Жалпы командалык эсепте I орунду Үзгүлтүксүз ачык билим берүү институтунун студенттик курама командасы ээледи, II орунду – Эл аралык Кыргыз-Түрк институтунун жана колледжинин командасы, III орунду – Гуманитардык-экономикалык колледждин командасы, IV орунду — Эл аралык медициналык колледжинин командасы. Спартакиаданын жеңүүчүлөрү жана катышуучулары спартакиаданын кубогу, дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. ЭАУ ректору э.и.д., проф. А.К. Кантөрөева спартакиаданы уюштурган дене тарбия жана спорт кафедрасына, анын башчысы доц. У.Б. Амиракуловго ыраазычылык билдирди.

 

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы

________________

В МНУ СОСТОЯЛОСЬ ЗАКРЫТИЕ ОСЕННЕЙ СТУДЕНЧЕСКОЙ СПАРТАКИАДЫ

 

16 октября сего года в Международном университете имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ, г. Жалал-Абад) состоялось закрытие осенней студенческой спартакиады. В дни спартакиады в МНУ царил праздник спорта, командного духа, братства и сплоченности, в то же время честного соперничества между сборными командами подразделений университета. В общекомандном зачете I место заняла сборная студенческая команда Института непрерывного открытого образования, II место — команда Международного Кыргызско-Турецкого института и колледжа, III место – команда Гуманитарно-экономического колледжа, IV место — команда Международного медицинского колледжа. Победители и участники спартакиады были награждены кубком спартакиады, дипломами и денежными премиями.  По окончании мероприятия ректор МНУ, д.э.н., проф. А.К. Кантороева выразила благодарность кафедре физкультуры и спорта, заведующему кафедрой доц. У.Б. Амиракулову.

 

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ

 

 

От redak2

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *