ЭАУдагы майрамдык иш-чаралар жөнүндө
К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (Жалал-Абад шаары, ЭАУ) жыйындар залында үстүбүздөгү жылдын 9-октябрында Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмү Ырысбек Калчаевдин жетекчилигинде Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата майрамдык салтанат өткөрдү. Салтанатка Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, вице-мэр Гүлбарчын Таштанбекова жана башка жетекчилер, орто мектептердин, таалим-тарбия мекемелеринин кызматкерлери катышышты. Программа боюнча куттуктоолор айтылып, майрамдык концерт тартууланып, мыкты кызматкерлерге бир катар сыйлыктар, белектер тапшырылды.
ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы
_____________
О праздничных мероприятиях в МНУ
9 октября текущего года в большом актовом зале Международного университета им. К.Ш. Токтомаматова (г. Жалал-Абад, МНУ) Жалал-Абадский городской отдел образования под руководством Ырысбека Калчаева провел праздничное мероприятие ко Дню работников образования. В названном мероприятии приняли участие мэр города Жалал-Абад Эрнисбек Ормоков, вице-мэр Гульбарчын Таштанбекова и другие руководители, учителя, сотрудники средних школ, образовательно-воспитательных учреждений города. По программе были озвучены поздравления, представлен праздничный концерт, вручены награды и подарки лучшим учителям, сотрудникам образования.
Служба по профориентации и связям с общественностью МНУ