ЭАУ ректораты спортсмен студенттерди колдоосу жөнүндө
К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) ректору, э.и.д., профессор Айжамал Кантөрөева дайыма жаштардын спорт менен машыгуусун, сергек жашоо ыңгайын колдойт, анын ичинде өзгөчө спорт боюнча ийгиликтерге жетишкен студенттерди. Бул ирет ЭАУнун Гуманитардык-экономикалык колледжинин “Мектепке чейин билим берүү” адистиги боюнча 2-курсунун студенти, алыш күрөшү боюнча бир катар эл аралык жана республикалык мелдештердин байгелүү орундарын ээлеген Кожоярова Мадина колдоого алынып, ага окуу акысынан 100% жеңилдик берилди. Студентибиз Кожоярова Мадинадан спорт жаатында албан-албан ийгиликтерди күтөбүз!
ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы
__________________
О поддержке студентов-спортсменов в МНУ
Ректор Международного университета имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ, г. Жалал-Абад) д.э.н., профессор Айжамал Кантороева активно поддерживает занятия спортом, здоровый образ жизни молодежи, в том числе студентов, добившихся успехов в спорте. На этот раз была поддержана студентка 2 курса Гуманитарно-экономического колледжа МНУ по специальности “Дошкольное образование”, обладательница призовых мест ряда международных и республиканских соревнований по борьбе на поясах Мадина Кожоярова, которой была предоставлена 100% скидка в оплате за обучение. Ждем от нашей студентки Кожояровой Мадины новых высоких побед в спорте!
Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ