К.Ш. ТОКТОМАМАТОВ АТЫНДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТКЕ ТҮРКИЯЛЫК МЕЙМАНДАРДЫН КЕЛИШИ ЖӨНҮНДӨ
Түрк мамлекеттеринин уюмунун чечимине ылайык 2025-жылы Манас шаары түрк дүйнөсүнүн туристтик борбору деп жарыялангандыгы коомчулугубузга белгилүү. Ушул эле уюмдун чечими менен 2026-жылы түрк дүйнөсүнүн туризм борбору макамы Түркиянын борбору Анкарага өткөрүлдү. Ушул иш-чаралардын алкагында үстүбүздөгү жылдын 16-18-декабрь күндөрү Манас шаарына Түркиянын бир катар уюм-мекемелеринин жана Анкара областынын, шаарынын өкүлдөрү конокко келишти. Аталган сапардын алкагында бир катар кадырлуу меймандар К.Ш. Токтомаматов атындагы университетке да келишип, университеттин Туран Язган атындагы Эл аралык Кыргыз-Түрк институтунда мейман болушуп, кызматташтык мамилелерди бекемдөө максатында окуу жайдын ишмердиги менен таанышышты. Университеттин ректору э.и.д., профессор Айжамал Кантөрөева жана аталган институттун директору, PhD Билге Дурмуш Аккуш, окуу жайдын профессор-окутуучулар курамы меймандарды жылуу тосуп алышты. Окуу жайга келген меймандар тизмесинде Түрк мамлекеттеринин уюмунун башкы катчысынын орун басары Мирвохид Азимов, Түркия Республикасынын Бишкектеги Элчилигинин маданият боюнча кеңешчиси Солмаз Хаберал, Түрк мамлекеттеринин уюмунун катчылыгынын добоорлор боюнча менеджери Харун Нуруллах Танзи, Анкара областынын губернаторунун орун басары Изеттин Севгили, Анкара областынын Маданият жана туризм башкармалыгынын башчысы Эрхан Каракая, Манас шаарынын мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев, Манас шаарынын мэриясынын жергиликтүү экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Самат Туратбек уулу ж.б. Эскертип кетсек, ЭАУнун Туран Язган атындагы Эл аралык Кыргыз-Түрк институту 1993-жылы Түрк дүйнөсү фонду менен биргеликте ачылган, азыр бул институтта 415 студент окуйт. Институттун бүтүрүүчүлөрүнө Кыргызстандын жана Түркиянын үлгүлөрүндө эки диплом берилет.
ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы







