ЭАУда САЛЫК ЖААТЫНДАГЫ РЕФОРМАЛАР БОЮНЧА ИШКЕРЛЕР ҮЧҮН ИРИ ИШ-ЧАРА ӨТКӨРҮЛДҮ

 

Үстүбүздөгү жылдын 29-февралында таанымал экономикалык билим ордосу болгон К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Жалал-Абад шаары) чоң жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин, Мамлекеттик салык кызматынын жана “JIA” Ишкерлер ассоциациясынын ишкерлерге салык жаатында маалымат берүүчү “Бизнести агартуу кербени” жалпы республикалык  демилгесинин алкагында “Салык реформасынын мүмкүнчүлүктөрү жана чакырыктары” аттуу ири иш-чара өткөрүлдү. Иш-чарага негизинен ишкерлер чакырылып, аларга салык жана салык салуу жаатындагы реформалар тууралуу кеңири маалымат берилди. Маалымат берүүгө Жалал-Абад шаары боюнча Мамлекеттик салык кызматынын, Жалал-Абад областтык прокуратурасынын, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын, ишкерлер коомчулугунун өкүлдөрү тартылды. Бул иш-чарага К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин “Экономика” жана “Менеджмент” багыттары боюнча билим алган жогорку курстардын студенттери да зор кызыгуу менен катышышты. Жалпысынан аталган иш-чара ишкерлер үчүн абдан мазмундуу жана пайдалуу болду. Иш-чаранын уюштуруучулары К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин ректоратына, студент жаштар арасында ишкердикти жайылтуучу “Энактас” долбоору алкагында иш жүргүзгөн “ЭАУ Энактас” командасына активдүү уюштуруучулук жана техникалык колдоо көрсөткөндүгү үчүн терең ыраазычылык билдиришти.

 

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы

От redak2

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *