ЭАУда ЭЛ АРАЛЫК ЭНЕ ТИЛ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

 

21-февраль — Эл аралык Эне тил күнүнө карата К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Жалал-Абад шаары) жыйындар залында “Эне тили болбосо, аты аталбайт улуттун!” аттуу адабий-музыкалдык кече үстүбүздөгү жылдын 21-февралында өткөрүлдү. Бул иш-чара ЭАУнун мамлекеттик жана расмий тилдер кафедрасы, Маданий-эстетикалык борбору тарабынан уюштурулган (кафедра башчысы фил.и.к., доц. Д.И. Алтаева, борбордун директору М.А. Гайымов). Аталган адабий-музыкалдык кеченин программасы боюнча кыргыз, өзбек, орус, түрк, англис, корей, хинди, араб тилдеринде улуттук ырлар ырдалып, улуттук бийлер аткарылып, улуттук адабият үлгүлөрү боюнча адабий окуулар болуп, бир катар улуттук каада-салттар боюнча сахналаштыруулар көрсөтүлдү. Жалпысынан улуттар аралык достук маанисиндеги иш-чара көрүүчүлөргө абдан жакты жана кызуу кол чабуулар менен колдоого алынды. Университеттин профессор-окутуучулар курамы жана студенттери өткөрүлгөн иш-чаранын абдан жогорку жана сапаттуу деңгээлде болгонун белгилешти. Эл аралык Эне тил күнүн майрамдык түрдө ушундай иш-чаралар менен белгилөө К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте окуу жайдын мыкты салттарынын бири болуп калганын баса белгилеп кетебиз. ЭАУнун ректораты иш-чаранын уюштуруучуларына, активдүү катышкан студенттерге терең ыраазычылык билдирди. Кошумчалап кетсек, аталган майрамдык иш-чаралар алкагында ЭАУда тарбиялык сааттар өткөрүлүп, дил баяндар да жазылды.

 

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы

От redak2

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *