ЭАУда КАРА-КЫРГЫЗ АВТОНОМ ОБЛАСТЫНЫН 100 ЖЫЛДЫГЫНА КАРАТА ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТКӨРҮЛДҮ

 

Үстүбүздөгү жылдын 14-мартында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) Кара-Кыргыз Автоном областынын 100 жылдыгына карата “Улут маселесин чечүүдөгү алгачкы кадамдар” аттуу илимий-практикалык конференция өткөрүлдү. Конференцияга К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин, Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин профессор-окутуучулар курамы жана бир катар уюм-мекемелердин өкүлдөрү, студенттер катышышты. Аталган конференцияда зор тарыхый мааниге ээ болгон чечимдин маарекесине карата илимпоздор жана адистер тарабынан баяндамалар жасалып, бир катар илимий макалалар каралды. Кара-Кыргыз Автоном областы СССРдин Борбордук Аткаруу комитетинин 1924-жылдын 14-октябрындагы токтому менен РСФСР курамында түзүлгөн.  Чектелген административдик бийлик менен уюшулганына карабастан, кыргыз эли укуктук жана саясий жактан өз алдынча мамлекет куруу мүмкүнчүлүгүнө жетишкен. Өз мезгилинде Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдрахманов сыяктуу саясатчылардын 1924-жылы жасаган аракеттеринин акыбети 1991-жылы кайтып, кыргыз эли өз алдынча эгемен Кыргыз Республикасын уюштурган. Жалпысынан аталган конференция абдан мазмундуу жана кызыктуу болду. Конференциянын катышуучулары конференцияны жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн ЭАУнун ректоратына, философия жана табигый илимдер кафедрасына терең ыраазычылык билдиришти. Конференциянын материалдары “К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин жарчысы” илимий-популярдык журналында чыгарылат.

 

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

От redak2

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *