ЭАУда КЫРГЫЗ СПОРТУНУН 100 ЖЫЛДЫГЫНА КАРАТА СПОРТТУК МЕЛДЕШТЕР БАШТАЛДЫ
Бүгүн Кыргызстанда кыргыз спортунун 100 жылдыгы белгиленип жатат. Маарекеге алкагында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте (ЭАУ, Жалал-Абад шаары) үстүбүздөгү жылдын 8-апрелинде спорттун волейбол, стол тенниси, жеңил атлетика, кичи футбол жана башка түрлөрү боюнча спорттук мелдештер башталды. Мелдештердин уюштуруучулары: ЭАУнун дене тарбия жана спорт кафедрасы, “Ден соолук” спорт клубу (жетекчиси: доцент У.Б. Амиракулов). Жеңүүчү командалар ректораттын атайын дипломдору, байгелери жана акчалай сыйлыктары менен сыйланат, мыктылары ЭАУнун курама командаларына кошулуп, республикалык универсиадаларга жана спартакиадаларга катышышат.
Тарыхый маалымат: 1925-жылдын 8-апрелинде биринчи уюштуруу жыйыны болуп, анда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун Дене тарбия жана спорт боюнча кеңешинин биринчи курамы шайланган. Ушул учурдан баштап Кыргызстандын дене тарбия кыймылынын тарыхы жүргүзүлөт. Кыргызстандын спортчуларын азыр бүткүл дүйнө тааныйт, алар спорттун ар кандай түрлөрү боюнча дүйнө чемпионаттарынын, олимпиадалардын, эл аралык мелдештердин чемпиондору жана байге ээлери: өткөн жылдардагы эң белгилүү спортчулар — штангист Каныбек Осмоналиев, жөө күлүк Сатымкул Жуманазаров, аткыч-мерген Александр Мелентьев, секирүүчү Татьяна Колпакова, мушкер Орзубек Назаров; азыркы спортчулар – күрөш балбандары Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, мушкер Мунарбек Сейитбек уулу, сууда сүзүүчү Денис Петрашев, аралаш мушташ боюнча мушкер Валентина Шевченко ж. б. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда футбол, волейбол, баскетбол жана башка командалык спорттун түрлөрүн өнүктүрүү үчүн мыкты мүмкүнчүлүктөр түзүлүп, спорттун улуттук түрлөрү да жигердүү өнүгүүдө. Учурда Кыргызстанда жаңы стадиондордун, ат майдандардын, тоо-лыжа базаларынын, спорттук комплекстердин курулуштары активдүү колго алынып, спорт мектептери өнүгүүдө.
ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы