ЭАУда 5-МАЙ — КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯСЫНЫН КҮНҮНӨ КАРАТА “МЕНИН УКУКТАРЫМ – МЕНИН КОНСТИТУЦИЯМ” АТТУУ АКЫЛ ТАЙМАШ ОЮНУ, УКУКТУК КЕҢЕШ БЕРҮҮЛӨР ЖАНА ТЕМАТИКАЛЫК КӨРГӨЗМӨ УЮШТУРУЛДУ
Үстүбүздөгү жылдын 30-апрелинде К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Жалал – Абад шаары) жыйындар залында юриспруденция кафедрасы (башчысы PhD А. Улан уулу), “ЭАУнун укуктук кеңеши” юридикалык клиникасы (директору М.С. Чоңатаева) тарабынан 5-май — Кыргыз Республикасынын Конституциясынын күнүнө карата жогорку окуу жайлар аралык “Менин укуктарым — менин Конституциям” аттуу акыл таймаш оюну өткөрүлүп, ага Ош мамлекеттик университетинин, Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин, Заманбап эл аралык университеттин, Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин “Юриспруденция” багытында билим алган студенттери катышышты. Оюн абдан кызыктуу, өзүнүн темасын чагылдырган оюн болду. Калыстар тобунун мүчөлөрү эң мыкты команда катары Ош мамлекеттик университетинин студенттик курама командасын аныкташты. Муну менен бирге, аталган иш-чаранын алкагында юридикалык кеңеш берүүлөр жүргүзүлүп, конституциялык укуктар темасында көргөзмө уюштурулду. Жалпылап айтсак, К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте Кыргыз Республикасынын Констициясынын күнүнө карата абдан мазмундуу, жакшы иш-чара өткөрүлдү.
ЭАУнун юриспруденция кафедрасы, “ЭАУнун укуктук кеңеши” юридикалык клиникасы