“ЛЕНИНДИК КОММУНИСТТИК ЖАШТАР БИРИМДИГИНЕ 100 ЖЫЛ” АТТУУ ТЕГЕРЕК СТОЛ ТУУРАЛУУ

“ЛЕНИНДИК КОММУНИСТТИК ЖАШТАР БИРИМДИГИНЕ 100 ЖЫЛ” АТТУУ ТЕГЕРЕК СТОЛ ТУУРАЛУУ

 

Үстүбүздөгү жылдын 20-майында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) философия жана табигый илимдер кафедрасы (башчысы тарых илимдеринин кандидаты, доцент Н.С. Мырзабаева) Кыргызстан жаштарынын Лениндик Коммунисттик биримдигинин 100 жылдыгына арналган “Комсомол – тарых, мурас жана бүгүнкү жаштар” аттуу тегерек стол уюштурду. Тарыхый материалдарга ылайык, 1925-жылдын 25-майынан 1-июнуна чейин 1-уюштуруу жыйыны өтүп, бул дата ушул уюмдун түзүлгөн жылы болгон. Аталган жаштар уюму Совет мезгилинде өлкөнүн жаштар кыймылынын ишине олуттуу салым кошкон. Бул уюм Совет бийлигин бекемдөөгө жигердүү катышкан, жер-суу реформаларын жүргүзүүгө, көчмөн жана жарым көчмөн чарбаларды отурукташууга которууга, маданий революцияны ишке ашырууга — сабатсыздыкты жоюуга, мектептердин, жогорку окуу жайлардын, китепканалардын тармагын түзүүгө, социалисттик курулушка жигердүү катышкан – бул уюмдун мүчөлөрү заводдорду жана фабрикаларды, ирригациялык курулуштарды тургузушкан, темир жолдорду жана суу сактагычтарды курушкан, өнөр жай ишканаларында иштешкен, айыл чарбасын жамаатташтырууга катышкан, Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында совет элинин фашисттик Германияны жеңишин камсыз кылууга көмөктөшкөн, согуштан кийин республиканын эл чарбасын өнүктүрүүгө көмөктөшкөн. Мисалы, жаштардын курулушка жигердүү катышуусу менен Фрунзе-Ош жолу, Токтогул гидроэлектростанциясы, Оштогу пахта комбинаты жана башка ири объекттер пайда болду. Бул уюм кыргыз улутундагы улан-кыздардын арасынан жаш кадрларды даярдоого салым кошуп, өз мезгилинин көптөгөн баатырларын тартуулады. Тегерек столдо профессор-окутуучулар курамы жана студенттер аталган советтик жаштар уюмунун мазмунун, салымын жана тажрыйбасын, ошондой эле азыркы жаштар кыймылын уюштурууда анын жакшы тажрыйбасын бүгүнкү күндүн шартарын эске алуу менен пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

 

ЭАУнун философия жана табигый илимдер кафедрасы

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *