ЭАУнун ОКУТУУЧУЛАРЫНЫН СПОРТТУК ИЙГИЛИКТЕРИ ЖӨНҮНДӨ
Үстүбүздөгү жылдын 17-18-майында Казакстан Республикасынын Алматы областынын Каргалы айылынын Эликсай аймагында Кунанбай ажынын урматына жаштар жана чоңдор арасында салттуу жаа атуу боюнча ачык эл аралык мелдеш өткөрүлдү. Аталган мелдешке К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин Гуманитардык-экономикалык колледжинин жалпы теориялык сабактар кафедрасынын улук окутуучусу Чолпонай Жуманалиевна Умуркулова да катышты. Аталган мелдештин жыйынтыгы боюнча ал аялдар арасында «3D–24» бутасына атуу боюнча I орунду жана «Калкан» бутасына атуу боюнча III орунду ээледи. Белгилей кетсек, ал буга чейин да эл аралык жана республикалык мелдештерде салттуу жаа атуу боюнча бир нече жолу байгелүү орундарга ээ болгон. Чолпонай Жуманалиевнаны спорттук ийгиликтери менен куттуктайбыз жана жаңы спорттук жеңиштерди каалайбыз!
ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы
_____
О СПОРТИВНЫХ УСПЕХАХ ПРЕПОДАВАТЕЛЕЙ МНУ
17-18 мая этого года в местности Еликсай села Каргалы Алматинской области Республики Казахстан был проведен открытый международный турнир по традиционной стрельбе из лука среди молодежи и взрослых в честь хаджи Кунанбая . В названном турнире приняла участие и старший преподаватель кафедры общ етеоретических дисциплин Гуманитарно-экономического колледжа Международного университета имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ, г. Джалал-Абад) Чолпонай Жуманалиевна Умуркулова. По резульатам названного турнира она заняла I место в стрельбе по мишени «3D–24» и III место по стрельбе в мишень «Щит» среди женщин. Стоит отметить, что она и до этого не раз занимала призовые места по традиционной стрельбе из лука на международных и республиканских соревнованиях. Поздравляем Чолпонай Жуманалиевну и желаем новых спортивных побед!
Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ