ЭАУнун ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ ИШ-ЧАРАЛАРГА КАТЫШУУСУ, ШЕРИКТЕШТЕРИ МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУСУ ЖӨНҮНДӨ

ЭАУнун ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ ИШ-ЧАРАЛАРГА КАТЫШУУСУ, ШЕРИКТЕШТЕРИ МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУСУ ЖӨНҮНДӨ

 

Үстүбүздөгү жылдын 14-15-май күндөрү К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) профессор-окутуучулар курамы, т.а. тарых.и.к., проф. Ж.А. Дүйшеев, илим, аспирантура жана докторантура бөлүмүнүн башчысы саяс.и.к., доц. А.С. Калиев, Ташкент шаарында Өзбекстан мамлекеттик телерадио компаниясынын “Өзбекстан тарыхы” каналынын “Тарых майданы” программасы уюштурган “Түрк элдеринин бирдиктүү тарыхын жазуу маселелери” жана “ХХ кылымдагы түрк тилдүү элдердин тарыхынын тагдыры” темалары боюнча пикир алмашууларга катышышты. Ал эми 16-17-май күндөрү ЭАУнун илим, аспирантура жана докторантура бөлүмүнүн башчысы саяс.и.к., доц. А.С. Калиев, тарых.и.к., проф. Ж.А. Дүйшеев, тарых.и.к., доц. Н.С. Мырзабаева Түркстан шаарында Түрк элдеринин эл аралык уюму тарабынан өткөрүлгөн “Түрк дүйнөсүнүн ыйык жерлери: салттар жана аларды мурастоо” аттуу эл аралык имимий-практикалык конференцияга катышып келишти. Ушул эле күндөрү ЭАУнун ошол эле өкүлдөрү Кожо Ахмед Яссави атындагы Казак-Түрк эл аралык университетинин ректораты, профессор-окутуучулар курамы жана студенттери менен жолугушуп, илими-билим жаатында кызматташтыкты улантып келишти. Кошумчалап кетсек, буга чейин ЭАУнун педагогика кафедрасынын башычысы, э.и.к., доц. Д.К. Сулайманова жана бир катар окутуучулары, магистранттары Кокон мамлекеттик  педагогикалык институтуна академиялык мобилдүүлүк иштеринин алкагында барып, окуу жараяны, окуу-усулдук ишмердиги менен таанышып, бир катар лекцияларды да окуп келишти, о.э. “Мектепке чейинки билим берүүнүн сапатын жакшыртуу жана өнүктүрүү стратегиясы: көйгөйлөр, чечимдер жана эл аралык тажрыйба” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференциясына да катышышты.

 

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *