ЭАУнун 10-ДЕКАБРЬ — АДАМ УКУКТАРЫН КОРГОО КҮНҮНӨ КАРАТА ИШ-ЧАРАЛАРЫ ЖӨНҮНДӨ
Үстүбүздөгү жылдын 4-декабрында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Манас шаары) юридикалык кафедралары (башчылары ю.и.к., ЭАУ профессору К.К. Юлдашев, Н.О. Тойгонбаева) Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Жалал-Абад областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Мухтар Сабировдун катышуусунда ЭАУнун “Юриспруденция” багыты боюнча студенттери үчүн 10-декабрь – Адам укуктарын коргоо күнүнө карата “Адам укуктары жана эркиндиктери” аттуу темада тегерек столду өткөрүштү. Аталган иш-чарада адам укуктары жана эркиндиктери боюнча бир катар укуктук маселелер ачыкталып, айрым жоболор боюнча талкуулар болду. Муну менен бирге, тегерек столго Жалал-Абад областынын Ички иштер кызматкерлери да катышып, жаштарга учурдагы уюлдук телефондордо, социалдык тармактарда алдамчылык фактылары жана алар боюнча мыйзам чегинде жоопкерчилик тууралуу маалыматтарды беришти. Иш-чаранын соңунда акыйкатчы тарабынан иш-чарага жигердүү катышкан студенттерге ченемдик-укуктук актыларды камтыган китептер белек катары тартууланды.
ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы



