В МНУ СОСТОЯЛОСЬ ЗАКРЫТИЕ ОСЕННЕЙ СТУДЕНЧЕСКОЙ СПАРТАКИАДЫ

 

13 октября сего года в Международном университете имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ, г. Жалал-Абад) состоялось закрытие осенней студенческой спартакиады, которая проводилась в спорткомплексе вуза с 9 октября. Спартакиада МНУ прошла в лучших спортивных традициях МНУ. В дни спартакиады в МНУ царил праздник спорта, командного духа, братства и сплоченности, в то же время честного соперничества между сборными командами подразделений университета. В общекомандном зачете I место заняла сборная команда Института непрерывного открытого образования, II место — команда Гуманитарно-экономического колледжа, III место – сборная команда Международного Кыргызско-Турецкого института и Международного Кыргызско-Турецкого колледжа МНУ. Вместе с этим, была отмечена большая активность и воля к победе со стороны команды Международного медицинского колледжа. Победители и участники спартакиады были награждены кубком спартакиады, дипломами трех степеней и денежными наградами.

 

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ

__________________________________________

 

ЭАУнун КҮЗГҮ СТУДЕНТТИК СПАРТАКИАДАСЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

 

Үстүбүздөгү жылдын 13-октябрында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) күзгү студенттик спартакиада аягына чыгып, салтанаттуу түрдө жыйынтыктары чыгарылды. Бул күндөрү ЭАУда шаңдуу спорт майрамы болуп, командалар арасында кызуу атаандашуулар өкүм сүрүп, чыныгы командалык достук чыңалды. Жалпы командалык эсепте I орунду Үзгүлтүксүз ачык билим берүү институтунун студенттик курама командасы ээледи, II орунду — Гуманитардык-экономикалык колледжинин командасы, III орунду — Эл аралык Кыргыз-Түрк институтунун жана Эл аралык Кыргыз-Түрк колледжинин курама командасы. Муну менен бирге, спартакиадага активдүү катышкан Эл аралык медициналык колледжинин командасынын зор аракеттери, жеңишке болгон күчтүү эрки да өзгөчө белгиленди. Спартакиаданын жеңүүчүлөрү жана катышуучулары спартакиаданын кубогу, үч даражадагы дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

 

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

От redak2

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *