ЭАУ СТУДЕНТТЕРИ ЖАНА КЫЗМАТКЕРЛЕРИ АЙМАКТЫК САНАРИПТЕШТИРҮҮ БОЮНЧА ЖАШТАР ФОРУМУНА, ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНИН 100 АРНАЛГАН ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯГА КАТЫШЫШТЫ

 

Үстүбүздөгү жылдын 19-апрелинде К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) жана анын Гуманитардык-экономикалык колледжинин “Интернет технолиялары жана башкаруу” багыты, “Маалыматты иштеп чыгуунун автоматташтырылган тутумдары” адистиги боюнча студенттери, маалыматтык технологиялар жана математика кафедрасынын окутуучулары, Маалыматтык технологиялар борборунун кызматкерлери ЖАМУда өткөрүлгөн Аймактык санариптештирүү боюнча жаштар форумуна катышышты. Форум Санариптик өнүктүрүү министрлиги, Жалал-Абад мэриясы тарабынан уюштурулган. Форумда Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу маалыматтык технологиялар, электрондук башкаруу, өлкөнүн тутумдук сантариптик трансформациясы, малыматтык технологиялар боюнча багытында иш алып барган “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын, “Түндүк” мамлекеттик мекемесинин, «Digital CASA-КР» долбоорунун, “CodIT” компаниясынын жана бир катар банктардын, уюлдук байланыш ишканаларынын жетекчилери, адистери жаштарга өз ишмердиги, маалыматтык технологиялар боюнча бир катар маалыматтарды презентациялап, суроо-жоопторду өткөрүп, тема боюнча кызуу баарлашты. Форум абдан кызыктуу жана тематикасы боюнча мазмундуу болду. Ушул эле күнү Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн апппаратынын имаратында Жалал-Абад финансы башкармалыгы уюштурган КР Финансы министрлигинин 100 жылдыгына арналган “Мамлекеттик финансы Жалал-Абад областынын финансы системасынын негизи катары: терия жана практика” темасында илимий-практикалык конференция да өткөрүлүп, ага ЭАУнун ректораты жана профессор-окутуучулар курамы актидүү катышты.

 

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы

От redak2

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *