БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРИ Д.Ш. КЕНДИРБАЕВАНЫН ЭАУда ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН МЕКТЕП ДИРЕКТОРЛОРУ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУСУ БОЛУП ӨТТҮ

 

Үстүбүздөгү жылдын 12-апрелинде К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Жалал-Абад шаары) жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Д.Ш. Кендирбаева жана орун басары М. Ү. Касымалиев Жалал-Абад шаарына болгон кызматтык сапары алкагында Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун мектеп директорлору менен жолугушушту. Жолугушууда билим берүү тутумундагы реформалар боюнча сөз болду, анын ичинде жаңы окуу мөөнөттөрү, жаңы окуу технологиялары, жаңы окуу китептери, кадрлар, билим берүү тутумун каржылоо ж.у.с. маселелер. Жолугушууда аталган темалар боюнча маалыматтар видео презентациялар менен коштолду. Жалпысынан жолугушуу абдан кызыктуу жана мазмундуу болду.

 

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы

От redak2

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *