3-апрель – Кыргыз Республикасынын бухгалтерлер жана аудиторлор күнүнө карата ЭАУнун иш-чаралары, ийгиликтери жөнүндө

 

К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте (ЭАУ, Жалал-Абад шаары) 3-апрель – Кыргыз Республикасынын бухгалтерлер жана аудиторлор күнүнө карата бухгалтердик эсеп, талдоо жана көзөмөл кафедрасы тарабынан атайын жумалык өткөрүлүүдө. Жумалыктын алкагында үстүбүздөгү жылдын 2-апрелинде “Бухгалтердик эсеп жана аудит: бүгүнкүсү жана келечеги” аттуу тегерек стол өткөрүлүп, анда бухгалтердик эсеп менен аудиттин учурдагы реалдуулуктары жана өнүгүү багыттары боюнча бир катар орчундуу маселелер каралды. Тегерек стол алкагында каралган материалдар “К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин жарчысы” аттуу илимий-популярдык журналда басылып чыгат.

Ал эми 3-апрель күнү ЭАУнун жыйындар залында “Билерман бухгалтер” аттуу сынак өткөрүлдү. Сынакка ЭАУнун “Экономика” багыты, “Бухгалтердик эсеп, талдоо жана көзөмөл” профили, о.э. ЭАУнун Гуманитардык-экономикалык колледжинин “Экономика жана бухгалтердик эсеп” адистиги боюнча билим алган студенттери катышып, бухгалтердик эсеп боюнча билимин даана көрсөтө алышты.

Кошумчалап кетсек, 2-апрель күнү биздин “Экономика” багыты боюнча II курстагы студенттерибиз Ош Мамлекеттик университетинде предметтик олимпиадада “Статистика” сабагы боюнча байгелүү орундарга жетишишти, алар: Эргешова Арууке – I орун, Борбугулова Нурзат – II орун. Жетекчиси:  каржы жана насыя кафедрасынын профессору Гүлнара Тулановна Пулатова. Ийгиликтерибиз көп жана мындан бийик болсун!

 

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы

От redak2

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *