К.Ш. ТОКТОМАМАТОВ АТЫНДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТТИН ИЛИМИЙ ИШ-ЧАРАЛАРЫ ЖӨНҮНДӨ

 

Үстүбүздөгү жылдын 30-майында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Жалал-Абад шаары) жыйындар залында “V Токтомаматов окуулары” илимий иш-чарасынын алкагында “Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү жана экономикалык реформасы” аттуу тегерек стол өткөрүлдү. Эске салып кетсек, бул тегерек стол ЭАУнун туңгуч ректору, Кыргыз Республикасында базар экономикасын изилдөө боюнча өз алдынча илимий мектептин негиздөөчүсү, экономика илимдеринин доктору, профессор, Аймактык Менеджмент Академиясынын академиги Кантөрө Шарипович Токтомаматовдун илимий ишмердигине арналган жыл сайын өткөрүлүүчү илимий иш-чара. К.Ш. Токтомаматов өз мезгилинде экономикалык мазмундагы үч жүздөн ашык илимий эмгектердин автору болгон, анын  ичинде бир катар монографиялар, окуу китептери жана колдонмолору, экономикалык сөздүктөр, илимий макалалар. Тегерек столдо К.Ш. Токтомаматовдун илимий эмгектерин кароо менен бирге экономика багытында бир катар баяндамалар окулуп, алар боюнча талкуулар жүргүзүлдү. Тегерек столдун алкагында социалдык-экономикалык өнүгүү, экономикалык реформалар, банк ишмердиги, айыл-чарба жана анын өндүрүмүн кайра иштетүү, инновациялар, инвестициялар, жашыл экономика, өнөр жайды өнүктүрүү, каржы базары сыяктуу маселелер каралды. Тегерек столдо каралган баяндамалар, кароо-талкуу жыйынтыктары “К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин жарчысы” атуу илимий-популярдык журналда жарык көрөт. Тегерек столго экономика багытындагы илимпоздор, адистер менен бирге илимдин бир катар багыттары боюнча илимпоздор, адистер катышышты. Меймандардын арасында Кантөрө агайдын санаалаштары, кесиптештери жана бир катар абройлуу меймандар да болушту, алардын ичинде кыргыз саясатчысы, илимпоз жана жазуучу Абдыганы Эркебаевич Эркебаев, ЖАМУ ректору, техн.и.д., проф. Кеңешбек Жумабекович Усенов, Кыргызстан калкынын ассамблеясынын Жалал-Абад областындагы төрагасы Каныбек Аттокурович Тилекеев. Жалпысынан аталган илимий иш-чара абдан мазмундуу жана кызыктуу өткөрүлдү.

 

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы

От redak2

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *