УЛУУ АТА МЕКЕНДИК СОГУШТА ЖЕҢИШТИН 80 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН ЭАУнун МАЙРАМДЫК ИШ-ЧАРАЛАРЫ ЖӨНҮНДӨ
Үстүбүздөгү жылдын 22-апрелинде К. Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) Улуу Ата Мекендик согушта жеңиштин 80 жылдыгына арналган «Эч ким, эч нерсе унутулбайт!» аттуу майрамдык концерт өткөрүлдү. Аталган майрамдык иш-чарага Жалал-Абад шаарынын мэриясынын вице-мэри Г.К. Таштанбекова, Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын Жалал-Абаддагы бөлүмүнүн төрагасы К. А. Тилекеев, Жалал-Абад облусунун «Славян диаспорасы» ассоциациясынын төрагасы В.В. Малюженко ж. б. уюм-мекемелердин жетекчилери, өкүлдөрү чакырылган. Майрамдык концерт ЭАУнун философия жана табигый илимдер кафедрасы (т.и.к., доц. М.С. Мырзабаева), мамлекеттик, расмий жана чет тилдер кафедрасы (фил.и.к., проф. К.У. Пайзуллаева), о.э. Маданий-эстетикалык борбору (М.А. Гайымов) тарабынан даярдалган. Иш – чаранын алкагында тарыхый окуялар, көркөм чыгармалардан үзүндүлөр сахналаштырылып, согуш жылдарында «Жеңиш күнү», «Өткөн мезгилдин баатырлары жөнүндө», «Катюша», «Караңгы түн», «Жер төлөдө», «Кырк бешинчи жылдын жазы» ж.б. таанымал ырлар жаңырып, алардын обонунда бийлер аткарылды. ошондой эле Жалал-Абад жергесинин согуш баатырлары жөнүндө маалымат берилди, алар Тукубай Тайгараев, Розы Азимов, Михаил Бабкин, Василий Крикун, Евдоким Мазков ж.б. Концерттик номерлер тарыхый сүрөттөр жана видео материалдар менен коштолуп турду. Айрым учурларды тарыхый реконструкциялоо, согуш жылдарындагы аскердик кийимчен каармандар, ППШ автоматтары, Мосиндин мылтыгы сыяктуу теаралдык жабдуулар, советтик туулар концерттик номерлерге ошол замандын чыныгы демин кадимкидей тартуулады. Меймандардын жана катышуучулардын айтуулары боюнча, аталган майрамдык иш-чара жогорку уюштуруучулук жана көркөм деңгээлде өткөрүлдү. Барпы Алыкулов атындагы Жалал-Абад областтык театрына, ошондой эле ЭАУнун Окуу-өндүрүштүк тигүү цехине көмөк көрсөткөндүгү үчүн өзүнчө ыраазычылык билдиребиз!
ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы
_______________
О ПРАЗДНИЧНЫХ МЕРОПРИЯТИЯХ МНУ В ЧЕСТЬ 80-ЛЕТИЯ ПОБЕДЫ В ВЕЛИКОЙ ОТЕЧЕСТВЕННОЙ ВОЙНЕ
22 апреля этого года в Международном университете имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ, г. Джалал-Абад) состоялся праздничный концерт на тему «Никто не забыт, нечто не забыто!», посвященный 80-летию со Дня Победы в Великой Отечественной войне. На названное памятное мероприятие были приглашены вице-мэр г. Джалал-Абад Г.К. Таштанбекова, председатель Джалал-Абадского отделения Ассамблеи народов Кыргызстана К.А. Тилекеев, председатель Ассоциации «Славянская диаспора» Джалал-Абадской области В.В. Малюженко и руководители, представители др. организаций и учреждений. Праздничный концерт был подготовлен кафедрой философии и естественнонаучных дисциплин (к.и.н., доц. Н.С. Мырзабаева), кафедрой государственного, официального и иностранных языков (к.фил.н., проф. К.У. Пайзуллаева), а также Культурно-эстетическим центром МНУ (М.А. Гайымов). В рамках программы мероприятия были инсценированы исторические эпизоды, отрывки из художественных произведений, прозвучали популярные песни и исполнены танцы под мелодии военных лет «День Победы», «От героев былых времен», «Катюша», «Темная ночь», «В землянке», «Весна сорок пятого года» и др. Также была представлена информация о героях войны – уроженцах Джалал-Абадской области: Тукубай Тайгараев, Розы Азимов, Михаил Бабкин, Василий Крикун, Евдоким Мазков и др. Все концертные номера сопровождались историческими фото и видео материалами. Историческая реконструкция отдельных моментов, костюмированные инсценировки (форма военных лет), театральная бутафория (автоматы ППШ, винтовка Мосина), советские знамена придали реалистичность многим концертным номерам. По высказыванием гостей и участников, концерт был проведен на высоком организационном и художественном уровнях. Отдельная благодарность за содействие Джалал-Абадскому областному театру имени Барпы Алыкулова, а также Учебно-производственному швейному цеху МНУ!
Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ