ЭАУнун АРАЛЫК МЕДИЦИНАЛЫК ЖАНА ГУМАНИТАРДЫК-ЭКОНОМИКАЛЫК КОЛЛЕДЖДЕРИНИН БҮТҮРҮҮ КЕЧЕСИ ЖӨНҮНДӨ

ЭАУнун АРАЛЫК МЕДИЦИНАЛЫК ЖАНА ГУМАНИТАРДЫК-ЭКОНОМИКАЛЫК КОЛЛЕДЖДЕРИНИН БҮТҮРҮҮ КЕЧЕСИ ЖӨНҮНДӨ

 

Үстүбүздөгү жылдын 17-июнунда К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) Эл аралык медициналык жана  Гуманитардык-экономикалык колледждеринин бүтүрүүчүлөрүнүн кечеси өткөрүлдү. Кеченин расмий бөлүгүндө университеттин ректору э.и.д., профессор Айжамал Кантөрөева, аталган колледждердин директорлору доцент Гүлзат Сыдыкова, э.и.к., доцент Калбек Райымкулов  бүтүрүүчүлөрдү окуусун ийгиликтүү аяктоосу менен куттукташып, эртеңки кесиптик ишмердигинде албан-албан ийгиликтерди каалашты. Муну менен бирге, мыкты бүтүрүүчүлөргө, т.а. окуунун мыктыларына жана коомдук-маданий, спорттук иш-чаралардын активисттерине ардак каттар, алкыш барактары тапшырылды. Андан кийин майрамдык концерт тартууланды. Концертте Токтосун Тыныбеков атындагы Жалал-Абад областтык филармониянын артисти, маданиятттын мыктысы Самаган Кочкоров, белгилүү “Наз” бий тобу, чыгармачыл студенттер ырдап-бийлешти. Соңунда заманбап обон-ырлардын шаңында дискотека болду. Аталган майрамдык иш-чара ЭАУнун мыкты салттарында өттү. Эскертип кетсек, ЭАУнун Эл аралык медициналык, Гуманитардык-экономикалык, Эл аралык Кыргыз-Түрк колледждеринде медициналык, экономикалык, юридикалык, педагогикалык, филологиялык, маалыматтык технологиялар, тигүү технологиялары, коомдук тамактануу, туризм багыттарындагы адистиктер боюнча орто кесиптик билими бар адистер даярдалат. Бүгүнкү күндө ЭАУнун колледждеринин бүтүрүүчүлөрү медицина, билим берүү, экономиканын бир катар тармактарында, туризм жана башка тейлөө тармактарында, маалыматтык технологиялар тармагында жигердүү иштеп, ийгиликтерди жаратышууда. ЭАУнун айтылган колледждеринин бүтүрүүчүлөрүн окуусун ийгиликтүү аякташы менен чын жүрөктөн куттуктап, эртеңки кесиптик ишмердигинде ийгиликтерди каалайбыз! Ак жол, сиздерге, бүтүрүүчүлөр! Биз сиздер менен сыймыктанабыз!

 

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *