ЭАУда КҮЗГҮ СТУДЕНТТИК СПАРТАКИАДА БАШТАЛДЫ!

ЭАУда КҮЗГҮ СТУДЕНТТИК СПАРТАКИАДА БАШТАЛДЫ!

 

Үстүбүздөгү жылдын 12-ноябрында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте (ЭАУ, Манас шаары) дене тарбия жана спорт кафедрасынын, “Ден соолук” спорт клубунун (башчысы доц. У.Б. Амиракулов)  уюштуруусунда күзгү студенттик спартакиаданын салтанаттуу ачылышы болду. Спартакиаданын максаты: спорт аркылуу студент жаштар арасында сергек жашоо ыңгайын жайылтуу, республикалык деңгээлдеги спартакиадаларга жана универсиадаларга командаларды даярдоо. Спартакиада спорттун төмөнкү түрлөрү боюнча бир нече күн өткөрүлөт: волейбол, баскетбол, кичи футбол, стол тенниси, чатыраш, тогуз коргоол, жеңил атлетика, аркан тартышуу, гиря көтөрүү. Спартакиаданын ачылышында ЭАУнун ректору экономика илимдеринин доктору, профессор Айжамал Кантөрөева спортсмен студенттерибизге спорттук ийгиликтерди жана командалык ынтымакты каалап кетти. ЭАУда студенттик спартакиадалар жыл сайын өткөрүлүп, мындай спорттук иш-чаралар окуу жайдын мыкты салттарынын бири болуп калган. Аталган спартакиадага ЭАУнун Үзгүлтүксүз ачык билим берүү институтунун, Эл аралык Кыргыз-Түрк институтунун, Гуманитардык-экономикалык колледждинин, Эл аралык Кыргыз-Түрк колледжинин жана Эл аралык медициналык колледжинин курама командалары катышышат. Спортсмен студенттер менен бирге спартакиадага көптөгөн күйөрмандар кызыгып, ар бир мелдеште өз командаларын кызуу колдошот. Катышуучулардын жана күйөрмандардын айтуусунда студенттик спартакиада университеттин абдан кызыктуу иш-чараларынан болуп, анын өткөрүлүшүн көптөгөн студенттер күтүшөт. Бул күндөрү университеттин спорт аянттарында чоң майрам! Биздин спортсмен улан-кыздарыбызга мыкты спорттук ийгиликтерди каалайбыз!

 

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *