ЭАУда “Маалыматтык технологиялар: моделдөө, программалоо, мультимедиялык жана интернет кызматтары” аттуу семинар өткөрүлдү

ЭАУда “Маалыматтык технологиялар: моделдөө, программалоо, мультимедиялык жана интернет кызматтары” аттуу семинар өткөрүлдү

 

Үстүбүздөгү жылдын 13-ноябрында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Манас шаары) Гуманитардык-экономикалык колледжинин “Маалыматты иштетүүнүн жана башкаруунун автоматташтырылган тутумдары” адистиги боюнча студенттерине  “Маалыматтык технологиялар: моделдөө, программалоо, мультимедиялык жана интернет кызматтары” аттуу семинар математика, маалыматтык технологиялар жана техникалык-технологиялык сабактар кафедрасы  (башчысы Н.У. Абдыллазова) тарабынан өткөрүлдү. Аталган семинарда тема алкагында маалыматтык технологиялар жаатында жаңылыктар, жаңы технологиялар, усулдар, программалар, кызматтар каралды. Семинарга маалыматтык технологиялар жаатында иш алып барган уюм-мекемелердин, окуу жайлардын жетекчилери жана адистери да чакырылды: “Жалал-Абад Электр тармактары” ишканасынын автоматташтырылган башкаруу тутумдары бөлүмүнүн башчысынын орун басары К.А. Абдыраимов, ушул эле бөлүмдүн башкы программалоочусу А.А. Насыров, ЖАМУнун автоматташтырылган башкаруу тутумдары кафедрасынын ага окутуучусу Р.Р. Шеркулов, Заманбап Эл аралык университеттин “Е-билим” маалыматтык тутумунун тутумдук администратору К.Б. Абилов, Манас шаарынын Калкты тейлөө борборунун башкы адиси О.А. Тойчиев ж.б. Жалпысынан аталган семинар темасы мазмунунда, сунушталган маалыматтар көлөмүндө абдан кызыктуу өттү. ЭАУ ректору Айжамал Кантөрөеванын айтуусунда мындай семнарлар заман талаптарына ылайык, жаштардын талаптарына ылайык дембе-дем өткөрүлүп турушу керек.

 

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *