ЭАУда АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮ ӨТКӨРҮЛДҮ

 

Үстүбүздөгү жылдын 30-апрель күнү К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте (Жалал-Абад ш., ЭАУ) мектептердин 9-11-класстарынын бүтүрүүчүлөрү үчүн кесиптик багыт берүү иштеринин алкагында Ачык эшиктер күнү өткөрүлдү. Айтылган иш-чаранын жүрүшүндө университетке Жалал-Абад шаарынын, Сузак, Базар-Коргон, Ноокен жана Өзгөн райондорунун орто мектептеринин бүтүрүүчү класстарынын окуучулары, алардын класс жетекчилери келип кетишти. Мектептерден келген меймандарга университеттин жана анын колледждеринин бардык окуу имараттары, аудиториялары жана кабинеттери, борбордук китепканасы, материалдык-техникалык базасы, жатаканасы, студенттик шаарчасы, анын ичинде спорттук комплекси көрсөтүлүп, окуу маселелери боюнча бир катар маалыматтар, түшүндүрмөлөр берилди. ЭАУнун Ачык эшиктер күнү жылдагыдай кызыктуу өткөрүлдү. Ачык эшиктер күнүнө 2735 мейман келип кетти.

 

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы

________________

 

В МНУ ПРОВЕЛИ ДЕНЬ ОТКРЫТЫХ ДВЕРЕЙ

 

30 апреля сего года в Международном университете им. К.Ш. Токтомаматова (г. Жалал-Абад, МНУ) в рамках профориентационной работы для учеников выпускных классов средних школ провели День открытых дверей. В этот день университет посетили ученики выпускных классов средних школ г. Жалал-Абад, Сузакского, Базар-Коргонского, Ноокенского и Узгенского районов. В ходе названного мероприятия гости ознакомились с учебными корпусами университета и его колледжей, а также с аудиториями и кабинетами, центральной библиотекой, материально-технической базой, общежитием, студенческим городком и спортивным комплексом. Потенциальные абитуриенты получили полный пакет информации по вопросам обучения в МНУ. В целом День открытых дверей в МНУ был традиционно интересным. Количество гостей Дня открытых дверей составило 2735 человек.

 

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ

 

 

От redak2

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *