ЭАУнун студенттеринин спорттук ийгиликтери жана ЭАУда өткөрүлгөн “Медиа сабаттуулук” иш-чарасы жөнүндө
К. Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Жалал-Абад шаары) Гуманитардык-экономикалык колледжинин «Башталгыч класстарда окутуу» адистиги боюнча I курсунун студенти Кожоярова Мадина Кыргыз Республикасынын спорт мектептеринин республикалык мелдешинде алыш күрөшү боюнча 55 кг салмагында I орунду ээледи. Мадинаны куттуктайбыз жана ага спорт жаатында албан-албан ийгиликтерди каалайбыз!
Ушул эле күнү университеттин жыйындар залында АКИpress маалыматтык агенттиги тарабынан студенттер үчүн “Медиа сабаттуулук” аттуу ачык баарлашуу форматындагы иш-чара өткөрүлдү. Ага медиа-эксперт Жалил Сапаров, Улуттук телерадиокомпаниясынын Жалал-Абаддагы бөлүмүнүн директорунун орун басары Диана Раимжанова жана АКИpress маалыматтык агенттигинин кабарчылары Жумагүл Шайыкова менен Эмир Сариев катышышты. Студенттердин айтуусу боюнча аталган иш-чара абдан мазмундуу жана пайдалуу болду.
ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы
__________
О спортивных успехах студентов МНУ и о проведенном в МНУ мероприятии “Медиа грамотность”
Студентка I курса по специальности «Преподавание в начальных классах» Гуманитарно-экономического колледжа Международного университета имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ, г. Жалал-Абад) Кожоярова Мадина на республиканском соревновании спортивных школ Кыргызской Республики по борьбе на поясах заняла I место в весовой категории 55 кг. Поздравляем Мадину и желаем ей новых высоких спортивных побед!
В этот же день в большом актовом зале университета информационным агентством АКИpress было проведено мероприятие для студентов в формате открытого общения “Медиа грамотность”. В нем приняли участие медиа-эксперт Жалил Сапаров, заместитель директора Жалал-Абадского отделения Национальной телерадиокомпании Диана Раимжанова и корреспонденты информационного агентства АКИpress Жумагуль Шайыкова и Эмир Сариев. Названное мероприятие, по мнению студентов, было очень интересным и содержательным. Я медведя.
Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ