ЭАУнун ГУМАНИТАРДЫК-ЭКОНОМИКАЛЫК КОЛЛЕДЖИНИН БҮТҮРҮҮ КЕЧЕСИ ЖӨНҮНДӨ
Үстүбүздөгү жылдын 12-июнунда К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) жыйындар залында Гуманитардык-экономикалык колледждин бүтүрүүчүлөрүнүн кечеси өткөрүлдү. Кеченин расмий бөлүгүндө университеттин ректораты, колледждин дирекциясы бүтүрүүчүлөрдү окуусун ийгиликтүү аяктоосу менен куттуктап, эртеңки кесиптик ишмердигинде ийгиликтерди каалашты. Муну менен бирге, мыкты бүтүрүүчүлөргө, т.а. окуунун мыктыларына жана коомдук-маданий иш-чаралардын активисттерине ардак грамоталар, алкыш барактары тапшырылды. Андан кийин майрамдык концерт тартууланды. Салтанат ЭАУнун мыкты салттарында өттү. ЭАУнун Гуманитардык-экономикалык колледжинин бүтүрүүчүлөрүн окуусун ийгиликтүү аякташы менен куттуктап, эртеңки кесиптик ишмердикте ийгиликтерди каалайбыз!
ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы
_____________
О ВЫПУСКНОМ ВЕЧЕРЕ ГУМАНИТАРНО-ЭКОНОМИЧЕСКОГО КОЛЛЕДЖА МНУ
12 июня текущего года в большом актовом зале Международного университета имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ, г. Жалал-Абад) состоялся выпускной вечер Гуманитарно-экономического колледжа МНУ. Ректорат МНУ и дирекция названного колледжа поздравили выпускников с успешным окончанием обучения, пожелали им успехов в предстоящей профессиональной деятельности. Вместе с этим, лучшим выпускникам, т.е. отличникам и активистам общественно-культурных мероприятий вуза были вручены почетные грамоты, благодарственные листы. После чего был представлен праздничный концерт. Торжество прошло в лучших традициях МНУ. Поздравляем выпускников Гуманитарно-экономического колледжа МНУ с успешным окончанием обучения и желаем им успехов в будущей профессиональной деятельности!
Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ