Залкар акын Барпы Алыкуловдун 140 жылдыгына карата иш-чаралар

 

Үстүбүздөгү жылдын 6-июнунда К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Жалал-Абад шаары) мамлекеттик, расмий жана чет тилдер кафедрасы окумуштуулар кеңешинин залында залкар акын Барпы Алыкуловдун 140 жылдыгына карата “Жүрөгү менен дүйнөнү көргөн алп акын Барпы” аттуу тегерек стол өткөрдү. Барпы Алыкулов Жалал-Абад областына карашту Сузак районунун Ачы кыштагында 1884-жылы туулган. Барпынын «Гүл кыздар», «Мөлмөлүм», «Мырзайым», «Лөлүкан», «Буракжан», «Гөзал кыз», «Кара көз», «Ак дилбар», «Тартип», «Дилбарым», «Өзгөчөм», «Алтын», «Ак жылдыз» сыяктуу ырлары кыргыз элинде зор сүймөнчүккө ээ болгон чыгармалардан. Бул чыгармалары акындар поэзиясындагы сүйүү лирикасынын классикалык үлгүлөрүнөн болуп калган. Акындын “Аккан суу”, «Шамал», «Ажал» деген ырлары философиялык мааниде жазылган мыкты чыгармалардан. Көркөмдүк жана мааниси жагынан бул ырлары кыргыз адабиятындагы көрүнүктүү орундардын бирин ээлейт. Барпы Алыкулов кыргыз төкмөлөр маданиятынын туу чокусунда тургандардын бири. Ал махабат ышкысы, өлүм-өмүр, жашоонун маңызы, жакшылык-жамандык тууралуу миңдеген сап ырларды жараткан. Аталган тегерек столго ЭАУнун жана Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессор-окутуучулар курамы катышып, төмөнкү темалар кароого, талкууга алынды: “Барпы Алыкулов айтыш өнөрүнүн чебери” – фил.и.к., доцент Д. Алтаева (ЭАУ), “Барпы Алыкулов кыргыз төкмөчүлүк маданиятынын туу чокусунда тургандардын бири” – фил.и.к., доцент Г. Көчөрова (ЖАМУ), “Барпы Алыкуловдун ашыктык ырлары” – ага окутуучу А. Шерматов (ЭАУ), “Барпынын акындар чыгармачылыгындагы орду” –  ага окутуучу А. Шерипбаев (ЖАМУ), “Барпы Алыкуловдун чыгармаларындагы адеп-ахлактык темалар” – окутуучу А. Мамадинова (ЭАУ) ж.б. Жалпысынан К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин жана Жалал-Абад мамлекеттик университетинин тилчилеринин биргелешип өткөргөн Барпы Алыкуловдун чыгармачылык мурасына арналган маарекелик иш-чарасы абдан мазмундуу жана кызыктуу өткөрүлүп, залкар акыныбыздын чыгармачылыгынын баалуулуктары дагы бир ирет ачыкталды.

 

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы

От redak2

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *