К.Ш. ТОКТОМАМАТОВ АТЫНДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТТЕ 1999-2000-ЖЫЛДАРДАГЫ БАТКЕН ОКУЯСЫН ЭСКЕРҮҮГӨ АРНАЛГАН ИШ-ЧАРА ӨТКӨРҮЛДҮ
К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте ( ЭАУ, Манас шаары) үстүбүздөгү жылдын 29-октябрында 1999-2000-жылдардагы Баткен окуясын эскерүүгө арналган иш-чара ЭАУнун мамлекеттик жана расмий тилдер кафедрасы ( башчысы фил.и.к., проф. К.У. Пайзуллаева), педагогика жана окутуу усулуяты кафедрасы (башчысы А.С. Кетирекеева) тарабынан уюштурулду. Иш-чарага ошол окуяда аскердик милдетин өтөгөн ардагерлер, профессор-окутуучулар курамы жана студенттер катышышты. Иш-чарада бир катар баяндамалар, ардагерлердин эскерүүлөрү болуп, фото-видео материалдар көрсөтүлдү. Эске салсак, Өзбекстан ислам кыймылынын террордук согушкерлери менен Кыргызстан аскерлеринин 1999-2000-жылдардагы кагылышуусу «Баткен согушу», «Баткен окуясы» деген аталыштар менен тарыхта калган. Ошол куралдуу кагылышта жалпысынан 76 адам курман болуп, анын ичинен 46 аскер кызматкери болуп, 100дөн ашыгы жарадар болушкан. Бул окуядан кийин аймактын стратегиялык жана социалдык-экономикалык мааниси эске алынып, 1999-жылдын 13-октябрында Баткен областын түзүү жөнүндө мыйзамга кол коюлган. Баткен окуясы эгемендүү Кыргыз Республикасы үчүн алгачкы чоң сыноолордон болгон. ЭАУнун ректору, э.и.д., профессор Айжамал Кантөрөеванын айтуусунда бул иш-чаранын максаты: өлкөбүздүн маанилүү тарыхый окуяларын эске салуу менен жаштарыбызда мекенчилдикти тарбиялоо. Катышуучулардын пикири боюнча иш-чара абдан мазмундуу болду. Соңунда окуу жай жамааты атынан ардагерлерге чакан белектер берилди.
ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы









