К.Ш. ТОКТОМАМАТОВ АТЫНДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТТЕ ТҮРКИЯ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

Үстүбүздөгү жылдын 29-октябрында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Манас шаары) профессор Туран Язган атындагы Эл аралык Кыргыз-Түрк институтунда (директору PhD Билге Дурмуш Аккуш) Түркиянын Республика күнүн салтанаттуу белгилешти. Боордош өлкөнүн тарыхына кайрылсак, 1923-жылдын 29-октябрында Түркиянын конституциясына өзгөртүүлөр киргизилип, Осмон империясы Түркия Республикасы деп жарыяланган. Ошондон бери Түркияда Республика күнү белгиленип келет. ЭАУнун Эл аралык Кыргыз-Түрк институтунда «Эл аралык мамилелер», «Менеджмент», «Экономика», «Туризм», «Филологиялык билим берүү» багыттары боюнча жогорку билимдүү адистер даярдалат. Муну менен бирге, аталган институттун Эл аралык Кыргыз-Түрк колледжинде «Банк иши», «Туризм», «Коомдук тамактанууда тейлөөнү уюштуруу» адистиктери боюнча орто кесиптик билимдүү адистер даярдалат. ЭАУнун аталган институтунда жана колледжинде кесиптик билим менен бирге боордош Түркия Республикасынын тарыхын, маданиятын жана тилин окутууга орчундуу көңүл бурулат. ЭАУнун ректору, э.и.д., профессор Айжамал Кантөрөеванын айтуусунда окуу жайда мындай иш-чараны өткөрүү мыкты салттардын бири болуп, Кыргызстандын жана Түркиянын кызматташуусун бекемдөөгө өз салымын кошуп келет. Эскертип кетсек, ЭАУнун Эл аралык Кыргыз-Түрк институтунун жана колледжинин ачылышында Түркиянын «Түрк дүйнөсү» фонду ортоктош болуп, 1993-жылдан бери жигердүү кызматташып, анын натыйжасында бүтүрүүчүлөрүнө Кыргызстандын мамлекеттик диплому менен бирге Түркиянын үлгүсүндө диплом да берилет. Учурда аталган фонддун президенти профессор Көзхан Язган.

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *