ЭАУда НООРУЗ МАЙРАМЫНА КАРАТА “КЫЗДАР ТАМАШАСЫ-2024” ФЕСТИВАЛЫ ӨТКӨРҮЛДҮ

 

Үстүбүздөгү жылдын 19-мартында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (Жалал-Абад ш., ЭАУ) жыйындар залында Нооруз майрамына арналган “Кыздар тамашасы-2024” тамаша фестивалы өткөрүлдү. Фестивалга төмөнкү аталыштагы кыздар командалары катышышты: Үзгүлтүксүз ачык билим берүү институтунан “ИНОО MIX”, Эл аралык Кыргыз-Түрк институтунан жана колледжинен “17 girls”, Гуманитардык-экономикалык колледжден “Ханбийке”, Эл аралык Медициналык колледжден “Мед. жылдыздары”. Командалар 4 номинацияда сахналык тамаша чеберчилигин көрсөтүштү: 1) Визитка; 2) “Жаз-2024” креативдүү мода көрсөтүү; 3) “Уктап жаткан сулуу же Феона” темасында сахналаштыруу; 4) “Джек Таранчы же чебер кыз” аттуу капитандар жарышы. Катышуучулар жана көрүүчүлөр байкагандай, фестивалда “Шрек” жана “Кариб деңизинин каракчылары” сыяктуу атактуу мультфильм, кино жомокторунун мотивдери, капитан Джек Таранчы жана Феона аттуу каармандардын элестери колдонулган. Фестиваль ЭАУнун Маданий-эстетикалык борбору даярдаган концерттик номерлер менен коштолуп турду. “Кыздар тамашасы-2024” фестивалынын жүрүшү бардык катышуучуларга жана көрүүчүлөргө жагып, чыныгы майрамдык көңүл тартуулады!

 

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы

От redak2

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *