ЭАУда “Улуттук нарктуулук, иденттүүлүк жана адам баалуулуктары” аттуу илимий-практикалык конференция өткөрүлдү

 

Үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинде К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университте (ЭАУ, Жалал-Абад шаары) “Улуттук нарктуулук, иденттүүлүк жана адам баалуулуктары” аттуу илимий-практикалык конференция өткөрүлдү. Бул конференциянын өткөрүлүшү  Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-ж. 30.08. ПЖ №303 “2022-2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программаны бекитүү тууралуу” жарлыгына ылайык иш-чаралар алкагында демилгеленген. Конференцияга Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын, Кыргызстандын, Казактандын жана Азербайжандын бир катар университеттеринин профессор-окутуучулар курамы катышышты. Мындан сырткары, конференцияга Жалал-Абад областынын, Жалал-Абад шаарынын, о.э. бир катар уюм-мекемелердин жетекчилери, өкүлдөрү чакырылды. Конференцияда “Тил жана адабият жаатында улуттук нарктуулук менен улуттук баалуулуктарды чагылдыруу”, “Жаштарга адеп-ахлактык тарбия берүүнүн этнопедагогикалык негиздери”, “Кыргызстан археологиясы, этнографиясы жана тарыхы учурдагы изилдөөлөрдө”, “Санариптештирүү алкагында улуттук экономиканы өнүктүрүү”, “Улуттук баалуулуктар жана адам укуктары” жана башка секциялар боюнча отурумдар болуп, жалпысынан 250 катышуучу катталды. Конференциянын материалдары “К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин жарчысы” аттуу илимий-популярдык журналында чыгарылмакчы.

 

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы

От redak2

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *