ЭАУда Эл аралык кыргыз-Түрк институтунун бүтүрүүчүлөрүнө арналган салтанат өткөрүлдү

 

Үстүбүздөгү жылдын 17-майында К.Ш. Токтомаматов атныдагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) жыйындар залында окуу жайга караштуу Туран Язган атындагы Эл аралык Кыргыз-Түрк институтунун жана Эл аралык Кыргыз-Түрк колледжинин бүтүрүүчүлөрүнө арналган салтанат өткөрүлдү. Салтанаттын расмий бөлүгүндө университеттин ректораты жана аты аталган институт менен колледждин дирекциялары бүтүрүүчүлөрдү окуусун ийгиликтүү аяктоосу менен куттуктап, эртеңки кесиптик ишмердигинде ийгиликтерди каалашты. Муну менен бирге, мыкты бүтүрүүчүлөргө, т.а. окуунун мыктыларына жана коомдук-маданий иш-чаралардын активисттерине ардак грамоталар, мактоо барактары тапшырылды. Расмий бөлүктөн кийин майрамдык концерт тартууланды. Салтанат ЭАУнун мыкты салттарында өттү. Бүтүрүүчүлөрүбүздү окуусун ийгиликтүү аякташы менен куттуктап, кесиптик ишмердикте ийгиликтерди каалайбыз!

 

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы

_____________

 

В МНУ состоялось торжество в честь выпускников Международного Кыргызско-Турецкого института

 

17 мая сего года в большом актовом зале Международного университета имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ, г. Жалал-Абад) состоялось торжество в честь выпускников Международного Кыргызско-Турецкого института имени Турана Язгана и Международного Кыргызско-Турецкого колледжа.  Ректорат МНУ и дирекции названного института и колледжа поздравили выпускников с успешным окончанием обучения, пожелали им успехов в завтрашней профессиональной деятельности. Вместе с этим, лучшим выпускникам, т.е. отличникам и активистам общественно-культурных мероприятий вуза были вручены почетные грамоты, похвальные листы. После официальной части был представлен праздничный концерт. Торжество прошло в лучших традициях МНУ. Поздравляем наших выпускников с успешным окончанием обучения и желаем им успехов в будущей профессиональной деятельности!

 

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ

 

 

От redak2

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *